Жеке маалымат саясаты
Techpark.kg сайтында өтүнмө калтыруу, форма толтуруу же кайрылуу жөнөтүү менен Колдонуучу ОсОО «Технопарк Кей Джи» тарабынан жеке маалыматтарын иштетүүгө өзүнүн макулдугун тастыктайт
(ИНН 00202200710466, дареги: 720082, Бишкек ш., Горький көч., 1/2, e-mail: hello@techpark.kg).
Жеке маалыматтарга Колдонуучу сайттагы формаларда өз ыктыяры менен көрсөткөн маалыматтар кирет, анын ичинде:
  • ФИО (аты-жөнү)
  • телефон номери
  • электрондук почта дареги
  • компаниянын аталышы (эгер көрсөтүлсө)
  • билдирүүдө көрсөтүлгөн башка маалыматтар
Жеке маалыматтарды иштетүү төмөнкүлөрдү камтыйт: чогултуу, жазуу, системалаштыруу, сактоо, тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү), колдонуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда үчүнчү жактарга берүү, идентификациялоочу белгилерин алып салуу (анонимдештирүү), бөгөт коюу жана жок кылуу.
Жеке маалыматтар төмөнкү максаттарда иштетилет:
  • өтүнмөлөрдү жана кайрылууларды кароо;
  • кайра байланыш берүү;
  • кызматтар жана иш-чаралар тууралуу маалымат берүү;
  • келишимдерди түзүү жана аткаруу (зарыл болгон учурда);
  • Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо.
Макулдук иштетүү максаттарына жеткенге чейин же Колдонуучу аны кайтарып алганга чейин күчүндө болот.
  1. Колдонуучу макулдугун hello@techpark.kg электрондук почтасына жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүү аркылуу кайтарып алууга укуктуу.